Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 15-майы №28/148

Кызыл-Кыя шаарына караштуу Жин-Жиген калктуу пунктунун Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймагына таандуулугу жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 50 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2024-жылдын                 6-майындагы № 01-8/1179 катын эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Жин-Жиген айылынын жашоочуларынын      Кызыл-Кыя шаарында толугу менен турмуш тиричилигин өткөрүп жаткандыгын  жана алар тарабынан административдик аймактык түзүлүшүнө каршы экендигин эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймагынан бөлүнбөстүгүн билдирген Кызыл-Кыя шаарынын мэринин Жин-Жиген айылынын эли менен өткөрүлгөн жыйынынын 2024-жылдын 26-мартындагы протоколу жактырылсын.
  1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Жин-Жиген айылы Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймагында жайгашкандыгы белгиленсин.    
  1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун Ноокат районунун административдик аймактык чегараларын тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кат жөнөтүлсүн.
  1. Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймактык чегарасын аныктоо жана тактоо боюнча тийиштүү  иш-чараларды жүргүзүү жагы шаар мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов