АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
2021-жылдын 19-майы № 1/3
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө
ХI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.XI чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кенешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип, алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2-беренесинин 6-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту, айыл өкмөт кызматкерлеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчыларынын, ФАП кызматкерлеринин, билим берүү мекемелеринин директорлорунун, жайыт комитетинин төрагасынын жана таза суу башчылардын отчетун угуп муктаж болгон убакта баа берип, кызмат акыбалын кароо;
2-беренесинин 12-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
12)сессиянын чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
3-беренесинин 6-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
3.6.Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей берилсин же кийинки сессияда толук таратылып берилсин.
3-беренеге 12-пункт кошулуп, төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
3.12.Сессияга келген кайрылуу, сунуштар туруктуу комиссия тарабынан иштелип чыгып, тармактык комиссиянын төрагасы аркылуу сессияга сунушталсын.
9-беренеге 3-пункт кошулуп, төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
9.3.Туруктуу комиссиянын ишин уюштуруу жагы төмөнкү адистерге милдеттендирилсин.
1. Финансы жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын ишин уюштурууга милдеттүүлөр:
-Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы;
-Айыл өкмөтүнүн салык жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси;
2. Айыл чарба маселелери, жайыт маселелери жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын ишин уюштурууга милдеттүүлөр:
-Айыл өкмөтүнүн турак-жай, жер маселелери боюнча башкы адиси;
-Айыл өкмөтүнүн жер адиси;
-Ак-Моюн жайыт комитетинин төрагасы:
3.Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын ишин уюштурууга милдеттүүлөр:
-Айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү адиси:
10-беренесинин 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
10.1.Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан үч күндөн кем эмес убакта кол коюлат.
11-беренесинин 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
11.2.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин (жети депутаттан) көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | Ж.Алыбаев |