Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясы

2023-жылдын 17-январы № 108

Бабыр айылынын тургуну Абдукаримов Элдиярдын атасы маркум Абдукаримов Мамазакирдин ысымын ат жок көчөгө коюу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бабыр айылынын тургуну маркум Абдукаримов Мамазакирдин ысымын ат жок көчөсүнө ыйгаруу арызы канаттандырылсын.

 

2.Көчөгө аты коюлган маркумдун балдары,түнкү жарыкты орнотуп,электр энергияга кеткен каражатты төлөө, көчөнү көрктөндүрүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрайым

Г. Жороева.