МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 111
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын төлөм акысын жогорулатуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Мырза-Аке Тазалык “ ишканасынын төлөм акысын бир жылына ар бир кожолукка 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитип берилсин.
2.Тазалык ишканасынын төлөм акчасын чогултуу айыл өкмөтүнүн салык кызматкелерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттүн эсеп счетуна төгүлүп , Мырза-Аке Тазалык ишканасынын 2023 –жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ылайык которулуп берилсин.
4.Айыл өкмөттүн киреше бөлүгүнө төгүлгөн акча каражатына ылайык жыл ичинде КР нын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан план алуу жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Жороева. |