МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 113
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин” 18 беренесинин 4 пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт,байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын жаңы имаратын салууга 2га жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунан бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Жороева |