Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезектүү XIX сессиясы

2023-жылдын 17-январы № 116

Кызмат көрсөтүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкарчуулук ишин жогорулатуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө жобону бекитип берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жумушчу топ жөнүндөгү жобосу жактырылсын.

 

2. Жумушчу топ жөнүндөгү жобосунда көрсөтүлгөндү айыл өкмөт башчы иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева