Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясынын

 

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 31/2

 

Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын чыгашаларын бекитуу тууралуу

Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата чыгаша бѳлүгүн бекитүү боюнча Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин жана “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жекшенбаев Русландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVIII чакырылышындагы кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1. 2023-жылга карата жаны ачылган Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасына жалпы суммасы 1813,5 (бир миллион сегиз жүз он үч мин беш жүз) сомго кошумча планга сметасы бекитилсин.

2. Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата чыгаша бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй болуп бѳлүнсүн:

 

№

Чыгашанын аталышы

“мин” сом

1

Эмгек акы

1614,0

2

Сапар чыгымдары

7,0

3

Канцелярдык буюмдар

5,0

4

ГСМ

23,3

5

Башка чыгымдар

16,0

6

Электр энергиясы

48,0

7

Мамлекеттик насыяны жабуу үчүн

307,2

 

Бардыгы

1813,5

 

3. Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги 10 штат болуп бекитилсин.

4. “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жалпы жылдык кирешесине сметасын киргизип берүү жагы КРФМнын Нарын башкармалыгынан суралсын.

 

5. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жан-Булак айыл аймагындагы “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жекшенбаев Руслан жана муниципалдык ишкананын бухгалтери Жумакадыр кызы Маралга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Э.Мамбеткулов