Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №5

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдарындагы техникалык жана фермердик кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/7 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколунун негизинде элдин сунуштары менен, 2024-жылга карата Каныш-Кыя айыл аймагындагы техникалык жана фермердик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:

          -Айдоонун кызмат акысы – 3500 сом;

          -Дың жерди айдоого- 4000 сом;

          -Сеялка кызматынын акысы-1500 сом;

          -Малалоо кызматынын акысы- 1500 сом;

          -Чөп оргуч  (ЖВН)- 3500 сом;

          -Престөө – 25 сом (1 даана)

          -Комбайндын кызмат акысы- 4000 сом;

          -Майда жандыктарды багуу акысы  80 сом;

          -Субай малдарды багуу акысы- 500 сом;

Айдоо аянттарына түшкөн малдарга айып пулдун өлчөмү:

          -Бир жолкусу үчүн – 500 сом;

          -Экинчи жолкусу үчүн- 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев