Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №6

 

“Чакан ГЭСтерди куруу боюнча жерлерди бекитүү жөнүндө”

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басары Б.И.Беккулиевдин 19.04.2024-жылдагы №01-23/1603 чыгыш сандуу чакан ГЭСтерди курууга “Гидро Динамика” ЖЧКсынын, “СК Эльбурс” ЖЧКсынын “Гранд Холдинг” ЖЧКсынын кайрылууларынын негизинде суралган жерлердин координаттарын жана трансформация маселелерин чечүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жерлерге чакан ГЭСтерди куруу, трансформациялоо Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып барылсын.

2.     Кайрылуулардын негизинде чакан ГЭСтерге жер бөлүп берүүгө кеткен чыгымдар, кызыктар тараптардан каржылансын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөттүн башчысы Б.С.Ашырбаевге, көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

4.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

5.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

.

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев