Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясы

2023-жылдын 17-январы № 122

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө

 Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому,”Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу” типтүү жобонун 14 пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Айыл өкмөттүн аймагындагы социалдык багыттагы субьекттерге жакыр үй-бүлөлөргө айыл өкмөтүндөгү фонддун жерлеринин 20 пайызын берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева