ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 170/22-8
Талас шаарындагы О.Омурбеков жана Ж.Турсалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу скверге коомдук ишмер К.Рысалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту,Талас шаарынын мэриясынын 16.03.2023-жылдын №01-19-592 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап,талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы О.Омурбеков жана Ж.Турсалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу скверге коомдук ишмер, Талас шаарынын тургуну К.Рысалиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган комиссиянын чечимине ылайык, эс алуучу сквердин курулушу 2024-жылга карата толук бүткөрүлбөсө, коомдук ишмер К.Рысалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө ушул токтомду жокко чыгаруу жагы каралсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |