МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 124
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын V cессиясынын 22.11.2016-жыл № 27 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Адыр айылындагы эски мектептин ордуна бала бакча курууга 0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
3.Өзгөн райондук Архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.Жороева |