Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 24-февралы № 126

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө

Муництпалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын , КР Бюжеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндөТиптүү жобону бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде,ошондой эле USAID дин “Ийгиликтүү Аймак 2”долбоорунун алкагында кызматкөрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусунда баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобун түзүү максатында Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн.

 

1) Калбаева Гулзина –айылдык кеңештин депутаты-топтун жетекчиси

 

2) Теңизбаева Нүргүл –айылдык кеңештин депутаты топтун катчысы

 

3) Калмурзаев Арстан- Аксакалдар кеңешинин төрагасы-топтун мүчөсү

 

4) Макешов Медер –айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы-топтун мүчөсү

 

5) Айтбаева Жумабү –айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн көркөм жетекчиси

 

6) Эсенбаев Рустам – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары –топтун мүчөсү

 

7) Джаныбек у Данияр –айыл тургуну –топтун тургуну

 

2.Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо кабыл алынсын. (тиркеме тиркелсин )

 

3.Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп,баа берүү жагы тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.Жороева