КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №8
“Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш, Чандалаш айылдарынын жергиликтүү тургундары менен Бишкек шаарынан келген атайын өкүлдөрдүн чогулушунун протоколун кароо жөнүндө”
Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш, Чандалаш айылдарынын жергиликтүү тургундары менен биргелешкен Кыргыз Республикасынын аймактарды ирилештирүү жөнүндөгү жогорку кеңештин депутатынын сунушу менен келген атайын өкүлдөрдүн чогулушунун протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш, Чандалаш айылдарынын жергиликтүү тургундары менен биргелешкен Кыргыз Республикасынын аймактарды ирилештирүү жөнүндөгү жогорку кеңештин депутатынын сунушу менен келген атайын өкүлдөрдүн чогулушунун протоколу боюнча иш алып баруу Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |