КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №9
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын чечими менен иш алып баруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Козубаев Мирбек Мизираимовичтин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамынын чечими күтүлбөгөн жагдайлар, ар кандай иш-чаралар үчүн ушул токтомго негиз сессияны күтпөстөн ишке ашырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |