Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №10

 

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча келишим менен штат бирдигин бекитүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/6 чыгыш сандуу катын жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө штат бирдигинен сырткары келишимдин негизинде 23 (жыйырма үч) штат бирдиги бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “№ 266 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык келишимдин негизинде алынган кызматкерлерге 5000 (беш миң) сомдон үстөк акы жергиликтүү бюджеттен кошумча берилсин. Эмгек акысын төлөөдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге жана ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

 

2.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

 

3.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев