Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №12

 

“2024-жылга Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарын бириктирүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергилиетүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 18.04.2024-жылдагы №01-19/13 чыгыш сандуу катын жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     2024-жылга Чаткал айыл өкмөтүнүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн иштетилген акча каражатынан калган 31 587 200 (отуз бир миллион беш жүз сексен жети миң эки жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошулсун.

2.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

3.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

М.Ш. Аликеев