КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрель №16
“Жарандарга жардам берүүнүн багыты жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №1 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан үй салып берүү, бүтпөй калган үйлөрдү бүтүрүп берүү жана олимпиадалык, улуттук оюндардан башка спорттун түрү боюнча келген кайрылууларга 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралбагандыктан сессияга сунушталбастан кайтарылсын.
2. Ден соолугуна байланыштуу жана ар тараптуу жардам сурап келген жарандардын кайрылууларына Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты бир жылда, бир жолу берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондунан жардам алган жарандын кайрылуусу сессияга сунушталбасын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |