Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 15-октябры № 7-1
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Баарын айылынын тургуну Т.Беккелдиевдин арызын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баарын айылынын тургуну Беккелдиев Ташполоттун 14.10.2021-жылдагы турак жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баарын айылынын тургуну Беккелдиев Ташполоттун арызы канааттандырылсын жана турак жай багытына которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |