КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХV сессиясы
2023-жылдын 29-декабры № 93
2024-жылга карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2025-2026-жылга болжолдуу цифраларын бекитүү жөнүндө
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурлан Дүйшөбаевдин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024 - жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө долбоорун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 74463,9 миң сом суммасында, мунун ичинен бюджеттин киреше бөлүгүнө 71212,6 миң сом, ал эми атайын каражатка 3251,3 миң сом, жалпы чыгашалар боюнча 74463,9 миң сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-2026-жылдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
2024-жылга 74463,9 миң сом суммасында,
2025-жылга 80847,6 миң сом суммасында,
2026-жылга 89848,9 миң сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 71212,6 миң сом суммасында такталган №4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2024-жылга карата 22 (жыйырма эки) штаттык бирдик түзүмү, ветеринар (контракт)-1 штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2024 - жылдын бюджетинен айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде № 6-тиркемеге ылайык 24012,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2016-жылдагы №60 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 24-беренесине ылайык 2 пайыз өлчөмүндө 1424,2 миң сом айыл өкмөт башчысынын учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн резервдик фондуна бекитилсин жана Каргалык айылдык кеңешинин көзөмөлүндө болсун.
8. 24.05.2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» №54 Мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты өзгөчө кырдаалдардын алдын - алуу боюнча иш-чараларды координациялоого жана жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн каралсын.
9. 2024-жылдын бюджетинин долбоорунда көрсөтүлгөн скверге курулуучу эс алуучу аянттар, ички ирригация, Карасакал участкасындагы туунун айланасын тосуу үчүн керектүү долбоорлор ошол жылдын биринчи кварталында даярдалып, 2024-жылдын 1-сентябрына чейин куруп бүткөрүү жагы жана ошондой эле Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагына курулуучу жаңы имараттардын, жолдордун, тротуарлардын долбоорлорунун даярдалышы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
10. 2024-жылда курулуш, сатып алуу келишимдери жана кабыл алуу актылары негиздүү, сапаттуу болуш үчүн ар дайым комиссиянын түзүлүшү жана өткөн жылдардан калган жумуштардын аткарылышын толук көзөмөл кылуусун, айыл өкмөттүн карамагындагы жер кен байлыктарынан кошумча киреше түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөт башчысына жана айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Т.Акматовага милдеттендирилсин.
11. Коомчулуктан жана айыл өкмөттүн аппаратынан келип түшкөн кайрылуулар жана областтык, райондук фонддор аркылуу ар кандай долбоорлорду өткөрүүгө керектелүүчү өздүк салымдар өз убагында каржыланып туруусу айыл өкмөт башчысына жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
12. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
13. Бюджетте каралып жаткан акча каражаттарын өз мөөнөтүндө карап туруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
14. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
15. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
16. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов. |
Каргалык айыл окмотунун жергиликтуу бюджети жана 2024-жылга болжолу жөнүндө Каргалык айылдык кенешинин(XXVIII Чакырылышынын) кезектеги ХXV сессиясынын № 93 токтомуна № 1 тиркеме 29.12.2023-жыл. | ||
Бюджеттик | Кирешелердин аталышы | 2024-жыл |
классификация |
|
|
1 | Кирешелер | 74 463,9 |
11 | Салыктык киреше | 61 530,4 |
13311 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар | 0,0 |
141 | Менчиктен жана пайыздардын кирешелер |
|
14235200 | Окутуу программаларынын,курстарды,семинарды |
|
143 | айыптар,санкциялар,конфискациялар |
|
Бюджет | 74463,9 | |
| Атайын каражат | 3251,3 |
2 | Чыгашалар | 74463,9 |
13321100 | Теңдөөчү грант | 0,0 |
701 | Айыл өкмөттүн аппараты | 61446,2 |
| Бюджет | 61446,2 |
| Атайын каражат | 0,0 |
704 | Жайыт комитети | 600,0 |
| Бюджеттик | 600,0 |
| Атайын каражат | 0,0 |
708 | Маданият тармагы боюнча | 1867,2 |
| Бюджет | 1867,2 |
| Атайын каражат | 0,0 |
708 | Кулуб | 918,1 |
| Бюджет | 918,1 |
| Атайын каражат | 0,0 |
708 | Китеп-кана | 949,1 |
| бюджеттик каражат | 949,1 |
| атайын каражат |
|
709 | Билим берүү | 1389,4 |
| Бюджет | 1389,4 |
| Атайын каражат | 0,0 |
709 | Бала-бакча | 9161,1 |
| Бюджет | 9161,1 |
| Атайын каражат | 3251,3 |