Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

2021-жылдын 15-октябры № 7-2

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетине сатуудан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө

 

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетине сатуудан түшкөн акча каражатын кароо жөнүндөгү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөт башчысынын жана Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамынын сунушун карап, талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн эсебине сатуудан түшкөн 1 310 000 сом акча каражатынан Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы мектептерге төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражатынан бөлүнүп берилсин. (Тиркеме №1 негизинде)

Ø  Б.Атишев атындагы орто мектебине ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого 1 200 000 сом

Ø  М.Нурматов атындагы орто мектебине таза суу алып келүү үчүн керектелүүчү материалдарына 56500 сом

Ø  Калдай орто мектебинин чатырын оңдоого 23500

Ø  С.Зулпуев атындагы “Айбек” орто мектебинин ички жылытуу системасынын бачогун оңдоого 30000 сом

 

2. Мектептердин оңдоо иштерине бөлүнгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Ж.Назаров

 

№ 7-2 токтомуна  № 1 тиркеме

 

 

 

 

 

 

Т.Зулпуев атындагыайыл өкмөтүнө 2021-жылда сатуудан жана атайын элдик салымдан түшкөн акча каражатын өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө

 

 

(мин сом)

Кирешелердин жыйынтыгы

1310,0

Сатуудан түшкөн акча каражаты

1310,0

Чыгашалар жыйынтыгы:

1310,0

Атишов атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого

1200,0

Мектептердин учурдагы ремонтуна

110,0

Кенештин жооптуу катчысы:

 

Үсөн уулу К