ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/1
С.Исмаилов атындагы орто мектебине жабдууларды алуу долбооруна акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор районун өнүктүрүү фондусуна сунуштоого даярдалып жаткан Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Большевик айлындагы С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашканасына стол жана стул алууу үчүн даярдалып жаткан 285 000 сомдук долбооруна өздүк салым катары 57 000 сом бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Большевик айлындагы С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашканасына стол жана стул алууу үчүн даярдалып жаткан 285 000 (эки жүз сексен беш мин) сомдук долбооруна өздүк салым катары 57 000 (элүү жети мин) сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
2. Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Н. Сакыева |