АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2023-жылдын 29-декабры № 4
Арстанбап айыл аймагынын тургуну Досматов Куватбек Алимжановичке райондун ардактуу атуулу наамын суроо жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын социалдык–экономикалык өсүшүнө кошкон чоң салымы (Арстанбап айылындагы жаңы №56 эки кабаттуу мектеби, Кош-Терек негизги мектебине курулган спорт залды жана №19 орто мектебине башталгыч класстар үчүн курулуп жаткан кошумча класс эки кабатту имараты) үчүн Арстанбап айылынын тургуну,Россия жергесинде эмгектенип жаткан Досматов Куватбек Алимжановичти Базар-Коргон районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо боюнча айылдык Кеңештин депутаттарын сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Арстанбап айылынын тургуну Досматов Куватбек Алимжановичти айыл аймактын социалдык –экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Базар-Коргон районунун ,,Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жагы, Базар-Коргон районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысына сунушталсын.
2.Арстанбап айылдык кеңешинин демилгесин колдоп берүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы – аким М.К. Карагуловтон суралсын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы
|
Ж. Абдухалилов |