Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 15-октябры № 7-4
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы 2021-жылдын 14-октябрындагы №15 сандуу сураныч катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт Пайдануучулар Бирикмесинин бюджетинин эсебине түшө турган 140 000 сом акча каражатын 2021-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бекитилген акча каражатын туура пайдалануу жагы Жайыт Пайдануучулар Бирикмесинин төрагасы А.Араповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |