БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 121
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги:
- Айыл чарба эмес жер салыгы ,
- патент,
- кыймылсыз мүлк салыгы 1,2,3 топтогу,
- Салык эмес төлөмдөрүнүн,
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн лицензия алууда ,
- инфраструктура,
- таштандыларды ташуу салыктарын Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген 2023-жылдагы 350 444 100 (үч жүз элүү млн. төрт жүз кырк төрт миң бир жүз) сомунан -123 637 640 ( бир жүз жыйырма үч млн. алты жүз отуз жети миң алты жүз кырк) сомду кыскартуу максатында жергиликтүү маанидеги салыктардан (“Альянс Алтын” ЖЧКысынын 13.09.2023-жылдын № 04-06/992 сандуу катынын негизинде);
11311200 багыты боюнча: 2-топтогу ишкердик ишин ашыруу үчүн пайдаланбаган кыймылсыз мүлк салыгынан -551 268,0 (беш жүз элүү бир миң эки жүз алтымыш сегиз) сом;
11311300 багыты боюнча: 3-топтогу ишкердиктин ишин ишке ашыруу үчүн пайдалануучу кыймылсыз мулк салыгынан -166 930 (бир жүз алтымыш алты миң тогуз жүз отуз)сом;
11122300 багыты боюнча: Патенттин негизинде түшүүчү салыгынан - 347 000(үч жүз кырк жети миң)сом;
11321300 багыты боюнча: калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон пайдаланбаган жер салыгынан -11 811 196 (он бир млн. сегиз жүз он бир миң бир жүз токсон алты) сом;
2.1 14151200 багыты боюнча : Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн лицензия төлөмдөрүнөн - 92 851 646 ( токсон эки млн. сегиз жүз элүү бир миң алты жүз кырк алты) сом;
2.2 14511400 багыты боюнча: Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерилген төлөмдөрүнөн -17 842 900 (он жети млн. сегиз жүз кырк эки миң тогуз жүз ) сом;
2.3 14224200 багыты боюнча: таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөн -66700 (алтымыш алты миң жети жүз) сом,
Жалпысынан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 350 444 100(үч жүз элүү млн. кырк төрт миң бир жүз) сом акча каражатынан 123 637 640 (бир жүз жыйырма үч млн. алты жүз отуз жети миң алты жүз кырк) сом акча каражаты Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджетине түшпөгөндүктөн кыскартылсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Стамалиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |