БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 122
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын спорт комплексинин курулушунун сметалык долбоордук иштерине баалоо жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 16-августундагы №12-МИ/2023 сандуу экспертизалык кайрадан эсептөөлөрүнүн жыйынтыгынын негизинде (08.09.2023ж комиссиянын жана инженер сметчиктин эсептөөлөрдү жана баалоо жүргүзүлгөндүгү боюнча АКТысы) курулуш иштеринин ашыкча аткарылган жумушунун айырмасын кайрып берүү максатында “Ишеним Строй” ишканасына 2 430 026 (эки млн. төрт жүз отуз миң жыйырма алты ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |