Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 15-октябры № 7-5
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Б.Атишев атындагы орто мектебинин директорунун 2021-жылдын 17-ноябрындагы №267 сандуу кайрылуу катын жана Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-ноябрындагы №1873 сандуу сураныч катынын негизинде Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы отурумунда каралып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын 70911-бөлүм балдар бакчасынын 3111-беренесинен 365,0 миң сом 70921-бөлүмү орто мектептин 3111-беренесине өзгөртүүгө макулдук берилсин. ( №1 Тиркемеге ылайык ).
2. Мектептин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдыраимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |
| №7-5 токтомуна № 1 тиркеме |
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Б.Атишев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасын капиталдык оңдоого бөлүнүүчү 365,0 миң сом акча каражатын кароо жөнүндө
№ | Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | берене | Акча каражаты | Эскертүү |
1 | 70911 | Балдар бакча | 3111 | -365,0 |
|
2 | 70921 | Орто мектеп | 3111 | +365,0 |
|
Жооптуу катчы: |
| Үсөн уулу К |