Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 125

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагында маданий иш чаралдарды өткөрүүдө:

- керектелүүчү чарбалык буюмдарды( сый тамак уюштурууда казан, титан, тулга жана идиш аяк) алуу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 257 150 (эки жүз элүү жети миң бир жүз элүү) сом акча каражаты;

- Бекмолдо айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бирдей үлгүдөгү улуттук кийимдерди алууга 100 000 (жүз миң) сом акча каржаты, жалпы 357 150 (үч жүз элүү жети миң бир жүз элүү) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

С.Осмонов