Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

2021-жылдын 15-октябры № 7-6

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айылдарына бөлүнүүчү электр мамычаларына болгон акча каражатын кароо жөнүндө

 

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын айылдарына бөлүнүүчү 1 820,0миң сом акча каражатын электр мамычасына айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен жана калган жетпеген акча каражатын 2022-жылдын бекитилген бюджетинин эсебинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин .

2. Бөлүнгөн электр мамычаларынын акча каражатын толугу менен ажыратып, которуп берүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Абдыраимовага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Ж.Назаров