БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 126
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы №9 китепкана бөлүмүнө китеп фондусун толуктоо максатында адабий китептерди алуу үчүн 300 000 (үч жүз миң ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |