КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2023-жылдын 23-августу № 132
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын маданият үйүнүн 2023-жылдагы маалыматтын жана 2024 – жыл үчүн иш чараларын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагынын маданият үйүнүн жетекчиси К.Ж. Тенгебаевтин 2022-жылдагы аткарылган иштери жана 2023- жылга белгиленген иш-чаралары айтылган сунуш пикирлерлер менен кабыл алынсын.
2.Маданият үйүнүн айланасын таза заманбап кармоо менен тосуу жагы маданият үйүнүн жетекчиси К.Ж.Тенгебаевке тапшырылсын
3. Маданият үйү жана спорт тук комплексине атайын жооптуу адамды дайындоо менен илгерки жайкы клуб ажааткананага айланып кеткенин эске алуу менен буздуруп тегиздетип айланасын айыл аймагынын маданият борборуна айландыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
4.Спорт комплексинде курулган ажааткана бузулуп ордуна жаңы ажааткана куруу менен көрктөндүрүү маселеси айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылсын.
5.Токтомдун аткарылышына кеткен чыгым айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча өкүлү кызматкери тарабынан чыгарылган сметага ылайык бекитилсин.
6. Токтомду териштирүү жагы Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |