САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 4-декабры № 6
Бөкөй айылын "айыл" категориясынан чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 23-октябрындагы №01-13/465 сандуу катында Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин талаптарына туура келбеген, туруктуу эл жашабаган айылдарды "айыл" категориясынан чыгаруу сунушун негизинде айылдык кенеш токтом кылат.
1. Жалал-Абад областына караштуу Сузак районуна караштуу С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Бөкөй айылында калк жашабагандыктан, азыркы учурда айыл жок 1994-жылы көчкү болуп адам өмүрүн алып,кызыл сызыкка киргенине байланыштуу Бөкөй айылы (41703220854030)"айыл" категориясынан чыгарылсын.
2. Атабеков айыл өкмөтүндөгү Бөкөй айылы "айыл" категориясынан чыгаруу жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эралиев |