БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 128
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 22-августундагы №103 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагындагы мектептерге, бала бакчага, айыл өкмөтүнүн жана “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын керектелүүчү чарбалык жана айыл чарба шаймандарын сактоо үчүн 8 даана 40 (кырк) тн контейнер алуу үчүн каралган суммадан тышкары 160 000 (жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |