Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 130

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак, Кеңеш, Кара-Ой жана Чоң-Токой айылдарында кардарларга электр энергиясын жеткирип жаткан электр чубалгыларын, зымдарын, мамычаларын заман талабына ылайык, ЖБ мамычаларына жана СИП кабелине толугу менен алмаштырууга жана жаңы конуштарга кошумча электр чубалгыларын тартууга долбоордук сметасын түзүү үчүн тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлсүн.

 

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

С.Осмонов