Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 04-октябры № 1

С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жарандарына турак-жай  куруу үчүн жер аянттарын берүү жана жаңы конуштарды түзүү программасын бекитип берүү жөнүндө

 

    С.Атабеков айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн жарандарына турак-жай  куруу үчүн жер аянттарын берүү жана жаңы конуштарды түзүү, конуштардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, турак-жай куруу үчүн трансформацияга даярдалган жер аянттарын көрүп чыгып, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жай куруу үчүн жаңы конуштарды түзүү, конуштардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндөгү  программасы бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Жер, Кара-Жыгач айылдарынан турак-жай куруу үчүн тандалган бак-дарак, кайракы айдоо, чөп орок, жалпы: 48,2 гектар жер аянттарын калктуу конуштар жерлери категориясына которууга  ( трансформациялоо)  макулдук берилсин.

  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  4. Токтом atabek.my1.ru  сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

А. Эралиев

 

 

 

 

 

 

 

С. Атабековы айыл өкмөтүнүн жарандарына турак-жай куруу үчун жер аянтын берүү жана жаңы конуштарды түзүү боюнча

 

ΠΡΟΓΑΜΜАСЫ

 

Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында азыркы күндө 31000 ашуун калк жашап, кожолуктардын саны 7534 жеткен, азыркы учурда сулуу айдоо-3113,0 га, кайракы айдоо 864,0 га, бак-дарак 516,0 га, чөп чабынды 475,0 га жер аянтын түзөт. Ар бир жанга 0,10- 0,14 гадан сугат, 0,04-0,02 гадан кайракы, 0,03-0,008 гадан чөп чабынды улуш жер аянттары бөлунуп берилген. Айыл өкмөтүнүн аймагында жарандарга турак-жай куруу үчүн жер аянтын берүү маселеси айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенештин азыркы күндөгү негизги көйгөйлүү маселеси болуп турат.

 

Республикабызда сулуу жерлерден турак-жай курууга жер аянтын берүүгө мараторий жарыялангандан баштап азыркы күнгө чейин айыл аймагындагы жарандардан турак-жай куруу үчүн жер сурап арыз жазгандардын саны 2500 адамдан ашкан. Мындан тышкары айыл өкмөтүнүн калкы жыл сайын 800-1000 ден көбөйүүдө. Бул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтүндө жер ресурстарын аздыгына байланыштуу райондук, областтык мамлекеттик мекемелер менен биргеликте тийиштүү изилдөө жана мониторинг иштери жүргүзүлдү.

 

Натыйжада Жаңы-Жер айылынан 20,75 га таштуу жүзүмзар, 1,80 га таштуу жайыт жер аянты, Кара-Жыгач айылынан 30,15 га кайракы айдоо, 4,90 га чөп чабынды, 0,70 га кысыр аңгыз жер аянттары такталып Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан кортундулар алынган.

 

Жогоркулардын негизинде Сузак архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан башкы планга өзгөртүүлөр киргизилүүдө, бул планда жаңы конуштардын инженердик коммуникацисын жана социалдык объектилерди куруу пландаштырылган. Программада жаңы конуштардын айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү жана экологиялык маселелерге көңүл бурулган. Бул маселе КРӨ тарабынан чечилсе турак-жай куруу үчүн 0,06 гадан жер аянты биринчи кезекте төмөндөгү категориядагы жарандарга берилет:

 

1. Көп балалуу үй-бүлөөлөргө

 

2. Жакыр үй-бүлөөлөргө

 

3. Социалдык коргоодогу оорууларга жана майыптарга

 

Бул көйгөйдү чечүү айыл аймагынын 2020-2025-жылдарга туруктуу социалдык- экономикалык өнүгүү программасына киргизилген. Программада көрсөтүлгөн иштер биринчи кезекте жергиликтүү калкты мобилизацилоо жана ички, тышкы инвестицияларды тартуу, жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүү жолу менен аткарылат.

 

 

 

Башчы:                                                                                                    К.Исканаджиев.