КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жыл 18-март №2
“Аркыт токой чарбасынына жана Кара-Камыш айыл аймагына караштуу жайыттарга чыккан малдарга жайыт акысынын өлчөмүн жана жазгы жайытка мал айдоонун мөөнөтүн белгилөө жөнүндө”
Аркыт токой чарбасынын жетекчиси Ж.Топчубеков жана Кара-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмеснин төрагасы Н.Жаркынбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аркыт токой чарбасынын жана Кара-Камыш айыл аймагына караштуу жайыттарга чыккан малдардын жайыт акысы жылкы жана кара малдарга 1 башка 100 сом, төлүнө 50 сом, ал эми жандыктарга (кой, эчки) 30 сом, төлүнө 15 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
2..Жазгы жайыттарга айдалуучу малдар 10-апрелден кийин жеткирилип,10-сентябрдан кийин айдалып келинсин.
3. Коңшу айыл өкмөттөргө, Кара-камыш айылдык кеңеши мекемесинин токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттө, малдарды жазгы жайыттарга айдоо жөнүндөгү маалыматты жеткирүү жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Султамуратовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.К. Жунусалиев |