БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 135
Бекмолдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин директору Э.Асырановдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев орто мектебинин директору Э.Асырановдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин “Көк Арык” тарыхый ысымын кайтаруу максатында, аталган мектепти “Асылкан Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектеби” эски ысымы кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |