Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVI I сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 141

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш- Башы айылынын А. Чаргынов көчөсүнүн № 21 үйүндө жашоочусу Чинкараева Нозимахан Доминовнанын арызын жана Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушун кароо жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

 .

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Камыш –Башы айылынын жашоочусу Чингараева Нозимахон Доминовнанын арызын канаттандыруу максатында айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде паспорт алуу үчүн берилген арызы канаттандырылсын.

 

2. Чингараева Нозимахон Доминовнанын арызын канаттандыруу максатында айыл өкмөтүнүн резервттик фондунан 15 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

 

3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

4..Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

5.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.