Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 20-сентябры № 148

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 31-майында № 291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ” жобонун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы боюнча № 291 - токтому “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобо колдоого алынсын жана тиешелүү иш чаралар иштелип чыгарылсын.

 

2. Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан айылдарда № 291 токтомдогу көрсөтүлгөн критерийлердин негизинде жаңы калктуу конуштардын топографиялык сүрөттөрүн тартып мыйзамдаштыруу максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 280 000 сом акча каражаты каралып бөлүнүп берилсин.

 

 

3. Иш чараны ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

6.  .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

7.  Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.