КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 145
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк –Таш айылындагы мечиттин ачылышына каражат бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Жар айылында кайрымдуулук фонддун эсебинен курулуп бүткөн мечиттин ачылышына каражат бөлүп берүү эске алынсын.
.
2. Көк- Жар айылында курулуп бүткөн мечиттин ачылышына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 28 000 сом акча каражаты бөлүнүнп берилсин.
3. Акча каражаттын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
6. .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |