Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 20-сентябры № 143

Кыргыз Республикасынын административтик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ишке ашыруу максатында “ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл- Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңеши.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Ничке – Сай айыл аймактарын бириктирүү маселелеси колдоого алынсын.

 

2. Бириккен айыл аймак Элмирбек Иманалиев атындагы айыл аймагы деп аталсын.

 

3. Элмирбек Иманалиев атындагы айыл аймагынын борбору Өзгөрүш айылында жайгашсын.

 

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чыгарылган жарлыктарынан кийин өз күчүнө кирсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

6. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов