Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 159

Кызыл-Өзгөрүш айыл кеңеши айыл аймагындагы калк жашабаган 41703225820050 коду менен менен катталып жүргөн Джар-Таш айылын , туруктуу калк жашабагандыгына байланыштуу Джар-Таш айылын “Айыл ” категориясынан чыгаруу жөнүндө сунушун карап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан коду 41703225820050 менен катталып жүргөн Джар – Таш атындагы жайыт жана тоо, суу аттары жок болгондуктан ошондой эч кандай элдүү пунктуна крбегендиктен эл жашабагандыгына байланыштуу “Айыл” категориясынан чыгаруу сунушу жактырылсын.

 

2.Кабыл алынган токтом боюнча тиешелүү жактарга маалымат жеткирүү жагы Кызыл- Өзгөрүш айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Токтогул райондук мамлекеттик расмий маалымат сайтына жарыялап жана Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчылыгына милдеттендирилсин.

 

4.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

5.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.