КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2023-жылдын 20-сентябры № 146
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Аң-Арык айылынын К. Абдыраимов., Орто-Жон айылынын Эрлан, Акмат көчөлөрүнүн жашоочуларынын атынан келип түшкөн арыздын негизинде Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Аң-Арык айылынын К. Абдыраимов , Орто-Жон айылынын Эрлан жана Акмат көчөлөрүнө кум-шагыл төшөп оңдоп – түзөө иштери колго алуу үчүн 300 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин..
.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Аң-Арык айылынынын К, Абдыраимов , Орто-Жон айылынын Эрлан, Акмат көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерин аткарууга ар бир айылга 100 000 сомдон акча каражаты айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше салыгынан түшүүчү каражаттан жумшалсын.
3. Айыл айылдардагы көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
5. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
6. .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |