КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 9-ноябры № 152
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин сунушунун негизинде Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга калган акча каражаты Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алынсын.
2.2023-жылдагы калган акча каражаты төмөндөгүчө жумшалсын.
1. № 31 К. Чодошев атындагы орто мектебинин спорт залынын учурдагы оңдоосуна түзүлгөн сметасына ылайык жыл башында каралган каражатка жетишпеген 500 000 сом кошумча бөлүнүп берилсин.
2. № 35 Ж. Чаргынов атындагы орто мектебине атайын фонд аркылуу курулган ашканага МЭРСИКО уюмунун колдоосу менен ыссык тамак уюштурууга керектүү инвентарь жана курулуш материалдарын алууга -170 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3 .№ 37 С. Чекиров атындагы орто мектебине К.Р. Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке аша турган кичи футболдук аянтчага сметалык иш-кагаздарын даярдоого -125 000 каражат жумшалсын.
3. Орто – Жон айылына электр чубалгыларын тартууга кошумча -15 000 сом.
5. Чеч-Дөбө айылына электр мамычаларын орнотуу жана электр чубалгыларын тартуу үчүн 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү маршруттук автомашиналардын күйүүчү майына кошумча 250 000 сом субцидия каралсын.
7.Жайыт комитетине түшүүчү каражаттан чыгымына 140 000 сом жумшалсын.
8.Эл аралык уюм тарабынан бүткөрүлгөн медициналык борборду ишке киргизүү жана кабыл алуу үчүн электр жабдыктары менен камсыз кылуу жана ага кетүүчү чыгымдарга каражат бөлүп жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
9.Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына келген Бууракан айылынын тургуну Нусубалиев Ратбектин арызын канаттандыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке тапшырылсын.
3.Ж.М. Өскөнбаевтин сунушунун негизинде жергиликтүү бюджетте 2023-жылда каралган беренелерден калдык каражат калтырбоо максатында жылыштырып пайдалануу Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жумшоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
4.Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын өз багытында пайдаланып ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына жүктөлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
6.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn. gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |