Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 133

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Бидлим берүү жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүнүн, К. Малабашов атындагы оорукагнанын маалыматтын угуп жыйынтык чыгаруу жөнүндө айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери , спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү жана К. Малабашов атындагы оорукананын жетекчилеринин маалыматты жактырылсын.

 

2. № 31 К.Чодошев. № 35 Ж. Чаргынов, №36 А. Ибраимов, № 38 М. Термечиков, билим берүү мекемелеринин № 6 “Айдарбек Айбеков” атындагы билим берүүгө чейинки мекемесинин, К. Малабашов атындагы оорукананын жетекчисинин айыл өкмөткө киргизген сунуш пикирлери кабыл алынсын.

 

3.Ж. Чаргынов орто мектебинин ашканасынын курулушунун жана кичи футболдук аянтчанын оңдоп –түзөө иштери боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн айыл өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп ишке ашырылсын.

 

4. Ж. Чаргынов мектебинин жетекчиси А. Арзыбаеванын сунушунун негизинде курулуп жаткан ашкана боюнча айыл өкмөтү тарабынан атайын эсеп дирекциясына кат жөнөтүлүп кеткен чыгымдар боюнча иликтөө жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

 

3.№ С. Чекиров атындагы орто мектебинин жетекчиси Э. Бешкемпированын айылдык сессияга келбегендиги белгиленип, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылуу кат менен кайрылуу жетекчиликке алынсын.

 

4.Буураканда жайгашкан ФАПтын иш-кагаздарын мыйзамга ылайык бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын, ошондой эле Чеч-Дөбө айылындагы ФАПка медициналык штат бирдигин киргизип ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына жана ооруканын башкы дарыгерине жүктөлсүн.

 

4. Айыл аймагында жайгашкан билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен келип түшкөн арыз кайрылуулар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ишке ашырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

4.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.