КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2023-жылдын 23-августу № 134
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын күзгү оруп – жыюуу боюнча маалыматтын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагында кургакчылык болуп сугат суунун тартыштыгы болгону эске алынсын.
2. Кызыл –Өзгөрүш айыл аймагында оруп – жыйноо өнөкөтүгү канаттандырарлык деп белгиленсин.
3.Айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин берген маалыматы боюнча оруп – жыйноого керектүү айыл чарба техникалары менен камсыз болгондугу эске алынсын.
4. Оруп – жыюуу мезгилинде мурунку сессияларда кабыл алынган жана бекитилген баанын кармалышын көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5.Күзгү түшүмдөрдү жайыттан түшкөн малдар тебелеп жаткандыгына байланыштуу айыл айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн элдик жыйындарды өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
5..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6..Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
7.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов. |