Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 137

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Аң – Арык айылында жайгашкан «Матыбай -Ата » базарын ветеринардык – санитардык талаптарга ылайык ирээтке келтирүү максатында

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын маалыматтын жана айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн базарда ирээтке келтирүү комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап “

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагынын Аң-Арык айылында жайгашкан “Матыбай – Ата”базарын базар ээси Сасыкулов Казыбектин жана айыл жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде мал базары жекшемби күндөн жума күнүнө жылдырылсын.

 

2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.07.2015 –жылжагы № 377 токтомунун талаптарына ылайык ветеринардык- санитардык эрежелердин негизинде райондук ветеринардык башкармалыктан жана райондук архитектура шаар куруу башкармалыгынан тиешелүү иш – кагаздарын даярдоо жагы “Матыбай –Ата” базарынын ээси Сасыкулов Казыбекке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышы Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

4.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

8.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn. gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов