Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 20-сентябры № 144

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Камыш-Башы айылына Таза суу чыгаруу максатында айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин жана Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылына Таза суу чыгаруу боюнча сунушу колдоого алынсын.

.

 

2.  Камыш –Башы айылына таза суу чыгарууга Камыш – Башы айылынын Жайсаң сарай участкасынан 2019 –жылдын 3-апрель № 127 айылдык кеңешинин токтомунун негизинде бөлүнгөн муниципалдык жер аянтына көзөнөктүү суу башатынын иш кагаздарын бүтүрүү жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.

 

3.  Таза – суу чыгарууга керектелүүчү иш кагаздарын ( смета, проект, АТЗ, техникалык шарт, ж.б.) даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жана жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко жүктөлсүн.

 

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курулуш , архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

5.  Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

6.  .Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn. gov.g сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

7.  Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.