Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

2023-жылдын 23-августу № 138

Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.М. Өскөнбаевтин сунуштарын угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.”Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.М. Өскөнбаевтин кезексиз XVI сессиясына алып кирген төмөнкү сунуштары эске алынсын жана бекитилсин.

 

2 Чеч-Дөбө , Опоз, Орто-Жон айылдарынын окуучуларын ташуучу Мерседец-Бенц маркасындагы кичи автобустун улам – улам бузулушун эске алып алмаштыруу же сатып жаңысын алуу жагы айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан мыйзам чегинде ишке ашырылсын.

 

3.Таза суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип кайра кайра оңдоого каражат жетишпегендигин эске алып таза суу пайдалануучу ар бир үй-бүлөдөн ай сайын 100 сом өлчөмүндө, ар бир кожолук таза суу киргизүү үчүн 1500 сомдон акча каражаты чогултулушу боюнча калк арасында 10 күндүк мөөнөттө жыйналыш өтүлүп, “Өнүгүү-Башаты” ишканасына кириштелип муктаждыктарга жараша жумшоо жагы ишканын бухгалтериясына милдеттендирилсин.

 

4.Таза суу пайдалануучуларды тейлеген кызматкер Садабаев Дүйшөбайдын эмгек акысын сезон июнь айынан баштап 16 000 сомго көтөрүүгө каражат таап камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.

 

5.”Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин эмгек акысын 10 000 сомго, эсепчисинин айлыгын 7 000 сомго көтөрүү боюнча сунушу ишкананын иштелип чыккан кириш-чыгышына карап ишкананын мойнуна жүктөлсүн.

 

 

6.Камыш-Башы,Шайык, Бел-Кара-Суу айылдарынын окуучуларын тейлеген автобустун азыркы мезгилде бош тургандыгын эске алып, базар күндөрү айыл ичинде тургундарды тейлөө үчүн каттам уюштурууга керектелүүчү күйүүчү жана майлоочу майлардын, амортизатордук чыгымдарды эсептеп баасын бекитип иш уюштуруп айылдык кеңешке 10 күндүк мөөнөт ичинде билдирүү жагы муниципалдык ишканага милдеттендирилсин.

 

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

8.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.

 

9.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ж.С. Ысырайылов.