КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2023-жылдын 23-июну № 135
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин 2023-жылдын алты айлыгында аткарылган иштеринин маалыматы боюнча
.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл – Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин 2023-жылдын алты айында аткарылган игштери боюнча маалыматы айтылган сунуш – пикирлердин, кемчиликтердин негизинде кабыл алынсын.
2. Атайын эсеп тарабынан курулган сугат суу үчүн щиттери сапатсыз курулгандыгы белгиленсин Суу пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси К.А. Өскөнбаев менен айыл өкмөт башчысы К.Ч.Тууганбаевке ар бир айылда элдик жыйын өткөрүп СПА нын уставына ылайык ар бир айылдан бирден СПАнын мүчөлөрүн дайындоону колго алышсын. СПАнын жетекчиси, айыл өкмөт башчысы, айыл башчы, мураптардын катышуусу менен төрт тараптуу келишим иштелип чыгып, келишимге ар бир дыйкан чарбанын жерлеринин, аренда жерлердин, көчө ичиндеги кожолуктардын аянттары көрсөтүлүп эсептелип чыгарылып жана айыл айыл боюнча суу графигин иштеп чыгууну колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3.Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн иш чараларды бир айдын ичинде аткарып жообун кат жүзүндө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшыруу жагы СПА нын жетекчиси К.А. Өскөнбаевке жана айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага жүктөлсүн.
6.Бул токтом www.kyzyl-ozgorusn.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.С. Ысырайылов |